​Көчөдө түкүрбө айып салат!

1-Фев. 2018, Бейшемби, 17:41

2019-жылдын январь айынан баштап көчөдө түкүргөндөргө айып пул салына баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешов билдирди.

Мыйзамга ылайык, уруксат берилбеген жерде түкүрүү, таштанды таштоо жана таштандыны өрттөөгө айыппул салынат. Жеке жарандар үчүн айыппул 55 эсепттик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч. Учурда бир эсептик көрсөткүч 100 сом, демек айыппул 5 миң 500дөн 17 миң сомго чейин болот.

Бул мыйзам 17-жылдын 1 мартында кабыл алынган, 2019-жылдан баштап күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!