Бишкек ЖЭБинде эртеӊ буу-казан ишке киргизилет

2-Фев. 2018, Жума, 14:42

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев парламенттин Басма сөз кызматынын Жай отуруп баарлашуу долбоорунун алкагында депутаттар тобу журналисттер менен жолугушканда билдирди. «Мага жеткен маалыматтарга караганда, үчүнчү буу-казанды ишке киргизүүгө даярдык көрүлүп жатыптыр. Буюрса, ордо калаабыз жакын арада жылуулук менен толук камсыз болот», - дейт ал.

Депутат журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Бишкек ЖЭБинин директору кызматта калуу максатында кызматкерлери менен митинг өткөрүп жатканынан кабары жок экенин билдирди. «Азыр андагы авария боюнча комиссия иштеп жатат. Директорду дароо кызматтан алып салса, анда авариянын кесепеттерин ким жойот, ал үчүнн ким жооп берет? Кызматтан алганга жетишебиз», - деп, эл өкүлү ушу тапта Бишкек ЖЭБ 300 мегаВатт электр кубатын, 300 гигакалорий жылуулук чыгарып жатканын, дагы бир буу-казан ишке киргизилсе, жылуулук берүү жүрүмү биротоло турукташа турганын кошумчалады Кожобек Рыспаев.

Ал эми депутат Жыргалбек Турусбеков парламенттин тармактык комитети Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын өткөргөндө, депутаттар анда кышка даярдык жүргүзүлбөгөнүнө күбө болушканын белгиледи. «Эмне үчүн биз өкмөттү отставкага кетирген жокпуз? Кыщка даярдык – бүткүл өлкө аймагы боюнча жүргүзүлө турган өнөктүк. Демек, Бишкек ЖЭБинде кышка даярдык өрүлбөгөнү үчүн эле премьер-министрди кызматтан алып коюу туура болбой калат. ЖЭБдеги даярдыкты ишке ашыра турган тармактар бар, анда жоопкерчиликти моюнга алган кызмат адамдары отурат. Мына ошолордун жоопкерчилигин караш керек», - дейт эл өкүлү.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!