Милиция кызматкерине ок атылды

3-Фев. 2018, Ишемби, 11:09

Бишкекте белгисиз адам милиция кызматкерин атып кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган окуя “Чыгыш-5” районунда 3-февралда түнкү саат 01:00 чамасында болгон. Ок жеген кызматкер жаракат алып, ага медициналык жардам көргөзүлдү. Учурда кылмышкерди кармоо планы жарыяланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!