​Чүй жана Жалал-Абадда жер силкинди

3-Фев. 2018, Ишемби, 14:39

Бүгүн эртең менен Чүй жана Жалал-Абад облусунда эки жолу жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунда саат 9.44 мүнөт өткөндө болгон. Силкинүүнүн очогу Пригородное айылынан 13 чакырым түштүк-батышта, Арпа-Тектир айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Токмок шаарынан 38 чакырым түштүктө жана Бишкек шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышта жайгашты. Анын күчү очогунда 3,5 балл болду. Пригородное айылында 3, Арпа-Тектир, Кегети, Кошой, Карагул жана Чоң-Жар айылдарында 2,5 балл сезилген.

Ал эми Жалал-Абад облусунда саат 10.06 чамасында жер титирөө катталды. 3 баллга жеткен силкинүүнүн очогу Жаз-Кечүү айылынан үч чакырым түштүк-чыгышта, Кызыл-Үңкүр айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышта, Көк-Жангак шаарынан 34 чакырым түштүктө жана Кара-Көл шаарынан 54 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жер титирөө Жаз-Кечүү айылында 3 балл, Кызыл-Үңкүр, Ак-Булак жана Көк-Алма айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Жер итирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!