Быйыл шаарга сел коркунучу болбойбу?

6-Фев. 2018, Шейшемби, 10:30

Быйыл жазда Жалал-Абад шаарына караштуу 600гө жакын турак-жай сел жууп кетүү коркунучунда турат. Өткөн жылы суу ташкыны Көк-Арт дарыясындагы №9 жана 10-дамбанын 250 метр жээгин алып кеткен эле. Бирок, арадан бир жыл өтсө да оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөй келет, анткени аталган жайга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областтык Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн адистери ушул күнгө чейин барып, кабар алышкан эмес. Ал эми сел алуу коркунучунан улам айыл тургундарынын арасында нааразычылык жаралууда.

Жалал-Абад шаарынын четиндеги “Живпром” аймагынын тугундары өткөн жылы суунун агымы күчтүү болуп, суу ташкыны үйлөргө чейин жеткенин, эми ушундай эле коркунуч быйыл да кайталанышы ыктымалдыгын айтышат. Себеби ушул кезге чейин жээктерди бекемдөө иштери жүргөн эмес, тийиштүү жактардан эч ким кабар албаганына жергиликтүү тургундар нааразы.

Жазда суу кирген кезде жээкке жакын жайгашкан ишканаларга да сел коркунучу жаралган. Жеке ишкерлер да аймак тургундары менен чогуу жээкти бекемдөө иштерине катышкан. Бирок, жыл сайын эле ушундай иштерди жүргүзө берүүгө алардын чамасы жетпейт. Быйылкы жылы да Көк-Арт суусу кирип, ишкерлердин өткөн жылдагы мээнетти талаага кетиши мүмкүн. Шаардык кеңештин депутаты, “Абий” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Сайдилла Чимбердиевдин айтымында, өткөн жылы суу коркунучунда калган жээктерди сууга жакын жайгашкан тургундар менен чогуу өз күчтөрү менен бекемдеп, сууну тосуп калышкан. Эми быйылкы жылы тезинен чара көрүлбөсө, анда абал абдан оор болот.

Алынган маалыматтарга караганда, Көк-Суусунун сол жээгиндеги №9 дамба 1998-жылы кыркылган таштардан курулган. Коргоочу тосмонун узундугу 2601 метрге жетет жана жалпы баланстык наркы 26 миллион 560 миң 470 сомду түзөт. Ошол эле сол жээктеги №10 дамба 1987-жылы кыркылган таштардан курулган. Коргоочу тосмонун узундугу 6700 метр болуп, баланстык наркы 71 миллион 59 миң 818 сомго барабар. Бул кэи дамба тең Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областтык Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн балансында турат. Өткөн жылы 17-апрелдеги суу ташкыны учурунда ушул эки дамбанын 250 метр аралыгын суу жеп кетип, шаар тургундарына коркунуч жараткан. Бирок, шаар бийликтери билдиргендей, ушул кезге чейин оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Сел коркунучунун алдын алуу үчүн өткөн жылы декабрь айында Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан областтык Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнө иш-чараларды тездетүү боюнча кат жүзүндө сунуш жиберген. 1998-жылы курулган №9 жана 1987-жылы курулган №10 дамбаны тезинен бекемдөө зарылдыгы айтылган. Бирок, ушул кезге чейин аракеттер болбой жатканына шаар жетекчилери нааразы. Ал эми Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Сапарбай Ормонов оңдоо-түзөө иштери тендерге коюлуп, анан гана апрель-май айларында жүргүзүлөрүн айтат.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Урмат Маматовдун азыртанэле жүргүзүлбөсө, быйылкы жылдынмарт, апрель айларынан суу жээгинде жайгашкан турак жайларга жана ишканаларга кыйын болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!