7-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

6-Фев. 2018, Шейшемби, 14:42

7-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -10…-15;

Чүйдө түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;

Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8;

Баткенде түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12°, күндүзгү жогорку температурасы -6…-8°.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!