Саляновага чыгарылган сот өкүмү күчүндө калды

7-Фев. 2018, Шаршемби, 16:16

Бишкек шаардык сотунун судьялар коллегиясы 7-февралда Аида Саляновага чыгарылган сот өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Ал соттун чечими боюнча жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен 5 жылга кесилди.

Ленин райондук соту 2017-жылдын 10-октябрында депутат Аида Салянованы мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратып, жаза өтөө мөөнөтүн кичинекей кызы 14 жашка чыккандан кийин жүзөгө ашыруу шарты менен өкүм чыгарган.

Аида Саляновага 2016-жылдын 26-декабрында кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура жана УКМК Салянова Юстиция министри болуп турган кезде 2010-жылдан кийин издөөдө жүргөн Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп эсептейт. 2017-жылдын 12-майында УКМК тергөөдөн кийин мурдагы баш прокурорго Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!