Жамилия он бир жылдан кийин табылды

7-Фев. 2018, Шаршемби, 17:22

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 11 жыл мурда дайынсыз жоголгон кыз табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылы дайынсыз жоголгон Нияз кызы Жамилиянын туугандары милицияга кайрылып, анын 2007-жылы үйдөн чыгып дайынсыз жоголуп кеткендигин билдиришкен.

Тыкыр издөө ишинин жүрүшүндө Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Нияз кызы Жамилияны табышкан. Учурда ал туугандарына өткөрүлүп берилди жана абалы жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!