Май ташыган унаа кырсыкка кабылды

8-Фев. 2018, Бейшемби, 10:52

Нарында күйүүчү май ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Нарын облусуна караштуу Ак-Кулунду айылында болгон. Унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен.

Автоунаада 8 тонна күйүүчү май жана солярка болгон. Кырсык болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барып жардам көрсөтүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!