Ошто ажылыкка катталгандардын саны миңге жетти

8-Фев. 2018, Бейшемби, 15:48

8-февраль саат 10:00гө карата Ош облусунун аймагынан ажылык сапарга катталган жарандардын саны 1000ге чукулдады. Бул боюнча ажылык сапарга каттоо иштерине Ош облусу боюнча жооптуу адис Акжол Бакиров билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, бүгүнкү күнгө карата Кара-Суу районунан 435, Ноокат районунан 265, Өзгөн районунан 189, Араван районунан 70, Чоң-Алай районунан 20 жаран катталып, электрондук базага киргизилди. Ал эми Алай жана Кара-Кулжа райондорунан жалпысы 10го чукул адамдын документтери даяр болуп, электрондук каттоого киргизүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле облус боюнча жалпысы 100дөн ашуун адамдардын документтери даяр болуп, каттоого тапшыруу алдында турушат.

“Ош облусу боюнча 2018-жылдагы ажылык сапарга каттоо иштери облустун 7 районунун борбордук мечиттеринде ачылган каттоо пунктарында атайын дайындалган 8 адис тарабынан жүргүзүлүп жатат. Ажылык сапарга каттоо иштери биометрикалык паспорттун негизинде жана каттоо үчүн талап кылынган документтерге ылайык жүргүзүлөт. Жарандар толугураак маалыматтар менен райондордогу каттоо пунктарынан, мечит имамдарынан, райондук хатибияттарынан, облустук казыяттан жана социалдык тармактагы казыяттын баракчалары аркылуу тааныша алышат. Ажылык сапарга каттоо иштери 2018-жылдын 23-январында башталган жана 2018-жылдын 23-февраль кечки саат 17:00дө аяктайт,” –деп билдирди А.Бакиров.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн;
0(312) 48-61-67, 0778, 0558, 0708- 48-61-67.
Ош облусу боюнча ажылык каттоого жооптуу адис Акжол Бакиров
0779651212,
0551448989,
0705448989

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!