​9-февраль: өлкөдө күн ачык болот

8-Фев. 2018, Бейшемби, 16:59

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8 градус суук.Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3;

Баткен облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;

Бишкек шаарында кар жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүүсү мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Түнкүсүн температура -10…-12, күндүз -1…+1 градус жылуу

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!