​Келерки жумада кандай аба ырайы күтөт?

9-Фев. 2018, Жума, 16:32

Келерки жуманын биринчи жарымында өлкөдө жаан чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 10-13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 мертге жетет.

14-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-16-февралда өлкөдө мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!