​12-февраль: Кыргызстанда күн ачык болот

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 10:04

Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө 0…5 градус жылуу болсо,

Нарындын суугу 4…9 градуска чамалап барат.

Чүйдө 5…10 градус жылуу болсо,

Таласта абанын температурасы 3…8 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош менен Жалал-Абадда күндүн табы 6…11,

Баткенде 5…10 градуска чукулдайт.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында 8…10 градус жылуу болот.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!