​Коттеждеги өрт адам өмүрүн кыйды

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 11:44

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринин коттеджинде өрт чыктты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунда Булан-Сөгөттү айылындагы жайгашкан “Фламинго” пансионатынын короосунда котедж жана жалпы аянты 120 чарчы метр жер өрттөнүп, 41 жаштагы жаран каза болгон.

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!