​Энеси сабаган бала чарчап калды

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:34

Ошто энесинен токмок жеген бала чарчап калды Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бала Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей бир жумадай жаткан. Кечээ, 11-февралда кечки саат 21:00дөр чамасында чарчап калган.

Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын ашкана буюму менен эсинен тангыча сабагандыгы белгилүү болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!