​“Балага сүйүнчү” пул бериле баштады

13-Фев. 2018, Шейшемби, 14:30

Бала туулганда бир жолу төлөнүүчү 4 миң сомдук өлчөмүндөгү "сүйүнчү пул" бериле баштады. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө бир жолу берилүүчү сүйүнчү пул жалпысынан январь айы үчүн 327 үй-бүлөгө берилди.

Министрлик, балага сүйүнчү пулду алууда, жарандар өлкөнүн ЖААКтын жана Калкты тейлөө борборунун маалыматтык күркөсүнө арыз жазышы зарыл.

Бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” жөлөк пулду алууда кандай документтер керек:

1.Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

2. Ата-эненин паспорттору

3. Жашаган жери тууралуу справка.

Бул документтерди министрлик кароодон өтөрүп бүткөн соң сүйүнчү пул берилет. Эгер үй-бүлөдө балдар эгиз туулса, ар бирине 4 миң сомдон 8 миң сом алышмакчы.

Эскерте кетсек, 1-январдан баштап мамлекет тарабынан ар бир туулган балага "сүйүнчү пул" бериле турган мыйзам иштеп баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!