Кудуктан адамдын жансыз денеси табылды

14-Фев. 2018, Шаршемби, 10:43

Бишкек шаарында кудуктун ичинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жансыз дене 14-февралга караган түнү саат 01:39да Бишкек шаарындагы Достоевский көчөсүндөгү кудуктун ичинен табылган.

ӨКМдин куткаруучулары сөөктү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!