Ботулизм менен ооруган 17 адам кайрылды

14-Фев. 2018, Шаршемби, 11:52

Оштун Кара-Суу районундагы аймакты ооруканасына 12-февралда саат 20:25де ботулизм менен 7 адам кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми 13-февралда дагы 10 адам кайрылган. Бүгүнкү күндө кайрылгандардын үчөөсүнүн абалы оор. Экөөнүн абалы орто, калган 4 адамдын абалы канаттандырарлык.

"Беш баланын абалы оор деп айтылууда. Алардын ичинен эки бала Кара-Суу райондук балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылды. 3 бала Ош облусуттук балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда бардык адамдарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!