Ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлдү

14-Фев. 2018, Шаршемби, 12:20

Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болуп, анда Ооган согушуна катышып келген окутуучуларга сый-урмат көрсөтулдү. Ал Ооган Республикасынан советтик аскерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгына арналып, ага окуу жайда эмгектенген 6 ардагер конок катары катышышты. Бул тууралуу университеттин ректоратынан билдиришти.

Бул иш-чара Педагогикалык жана маалымат технологиялар факултети тарабынан уюштурулуп, анда студенттер Ооган согушуна арналган сахналык көрүнүштөрдү, концерттик программаны тартуулашты. Ооган согушунун ардагерлери – окутуучулар менен студенттердин жандуу баарлашуусу уюштурулду.

Факультеттин деканы Сапарбек Ажыкуловдун атымында, бул иш-чаранын жаштар үчүн тарбиялык мааниси зор.

"Иш-чаранын максаты Ооган согушунун ардагерлеринин интернационалдык эрдигинкийинки муунга даңазалоо, студенттер менен ардагерлерди жолуктуруп, жаштардын Мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимин ойготуу болду. Өткөндү эстеп, тарыхка саресеп салуу менен келечекке бет алабыз. Андыктан мындай даталарды көз жаздымда калтырбоо керек", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Ооган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Он жылга созулган согушта 13 миң 833 жоокер, 179 офицер курман болгон. Оор жаракат алган жоокерлердин саны 49 миң 985ге жетсе, офицерлердин саны 7132ни түзгөн. Майыптардын саны 6669 болсо, 300 жоокер дайынсыз жоголгон. Ал эми 76 аскер Советтер Союзунун Баатыры, 200 миңжоокер күжүрмөн ордендердин ээси болуп, жалпы 546 миң 255 жоокер кызмат өтөгөн.

Ал эми ЖАМУда 6 Ооган ардагери эмгектенет. Алар, окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов жана окутуучу-кызматкерлер Абдыжапар Шерматов, Шамшидин Нурдинов, Рахимжан Сарымсаков, Камчыбек Сабиров, Марат Мамытов.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!