Сүйүү сүрөтчүнүн көзү менен (фото)

14-Фев. 2018, Шаршемби, 15:37

Сүйүү ар бир чыгармачыл адамга шык берүүчү түгөнгөнбөс тема. Жазуучулар сүйүү темасында чыгармаларын жаратса, акындар ыр жазып композиторлор музыка чыгарып, скульпторлор да бул темага кайрылып турушат. Ошондой эле сүрөтчүлөрда бул темадан түгөнгүс чыгармаларды жаратып келишет.

Сүрөтчүлөрдүн айтымында художник үчүн сүйүү темасы өң тандабаган чексиз элестетүү.

“Сүрөттөрдө бири-бирин жактырган түгөйлөрдүн сезимдерин боек тандабай ой жүгүртүүңдү чектебестен ар тараптан чагылдыра берсең болот. Сезим бул боорон сымал болушу мүмкүн, же суунун шылдырап аккан үнүндөй болушу мүмкүн же толкун сыяктуу албууттанган же нөшөрлөгөн жаандай же салкын желдей болушу мүмкүн”,-дейт Бишкек шаарында сүрөт базарында иштеген өзүн Акылбек деп тааныштырган сүрөтчү.

Бизда Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери менен тааныштырууну эп көрдүк. Сүрөттөр борборубуздагы сүрөт базарындагы сүрөтчүлөрдүн эмгектери.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!