Акыйкатчы көзөмөлүнө алды

15-Фев. 2018, Бейшемби, 10:04

Каракол шаарындагы №14 бала бакчада эки жаштагы баланын чарчап калгандыгы боюнча Акыйкатчы Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө окуяны көзөмөлгө алууну табыштады. Бул тууралуу акыйкатчы институтунан билдиришти.

Өкүлчүлүк тарабынан Каракол Билим берүү бөлүмүнүн башчысы В.Апышева жана бала бакчанын директору А.Аракеевадан түшүнүк кат алынды.

Алар билдиргендей, эки жаштагы Айтбосунов Аслан 09.02.2018 жылы эртең менен бала бакчага келген. Болжол менен саат 11.00 жөтөлө баштап, жөтөлү басылбай калчылдай баштаган. Ошол замат бакчанын медайымы биринчи жардам көрсөтүп, тез жардамды чакырган. Директордун сөзүнө караганда, тез жардам кечиккендиктен тарбиячы Н.Сыдыкова баланы жуурканга ороп жолдон машина тосуп, тарбиячылар менен чогуу ооруканага жеткизген. Бала дароо оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткызылган. Врачтар болгон аракетин жасап, бирок тилекке каршы бала саат 14:30да чарчап калган.

Бала бакчанын тарбиячылары менен бирге директор А.Аракеева дагы ооруканада болгон. Балага так диагноз коюлбагандыктан ата-энеси да, врачтар да союуну чечишкен. Ар кандай себептер менен ал процесс 11 февралга жылдырылып, эртеси саат 9.00 чамасында союлган. Ага бала бакчанын медайымы, баланын туугандарынан 3 адам, бул ишти карап аткан Каракол ИИБ тергөөчүсү Самат Муктаров жана судмедэксперттер катышкан.

Жыйынтыгында өпкөсүнө суук тийип жабыркаган делген, бирок так жыйынтык чыкпагандыктан Бишкекке экспертизага жиберилип, акыркы жыйынтыгы бир айдан кийин чыгаары маалымдалды.

Учурда бул иш Омбудсмен Кубат Оторбаевдин көзөмөлүндө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!