​Жоголгон малчылардын сөөгү табылды

​Жоголгон малчылардын сөөгү табылды
15-Фев. 2018, Бейшемби, 13:19

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кабак кыштоосуна мал издегени чыгып жоголуп кеткен эки кишинин сөөгү кар алдынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 6-февралында Бирдик айылынын үч тургуну Кабак кыштоосуна мал издегени ат менен кетишкен. Чоялиев 12-февраль күнү кечинде айылга келип жанындагылардан адашып кеткенин билдирген.

Издөө иштерине 40ка жакын киши тартылып, 15-февраль күнү саат 08:25те жоголгондордун сөөгү кар астынан табылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!