​Дарыядан адамдын сөөгү табылды

15-Фев. 2018, Бейшемби, 13:36

Жалал-Абад облусунда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Могол айыл аймагындагы Көк-Тоңду айылына жакын жерден Кара-Үңкүр дарыясынан сөөк табылган. Куткаруучулар барганга чейин милиция кызматкерлери 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү кишинин сөөгүн суудан алып чыгып, райондук өлүкканага өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!