​16-февраль: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

15-Фев. 2018, Бейшемби, 14:53

16-февралда өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталып, жаан-чачын көп болот. Мындай аба ырайы 18-февралга чейин созулат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында бурганак болушу мүмкүн. Зымдарга, дарактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -8...-13;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6;

Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -3...+2;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз -11...-16 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-4 градус суук болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!