​Бир кап нашаа табылды

15-Фев. 2018, Бейшемби, 15:30

Ысык-Көлдө бир кап нашаа алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматтын Бишкек шаардык бөлүмү буга чейин алынган маалыматтардын негизинде ыкчам издөө иштерин Ысык-Көлдө уланткан. Анын натыйжасында мурда эки жолу соттолгон жарандын жанынан бир кап же салмагы 10 кг 100 граммды түзгөн кочкул-жашыл түстөгү кара куурай жыттанган зат табылган. Ал нашаа экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!