Жаш келинди бычактап кеткен

16-Фев. 2018, Жума, 09:59

Бишкекте жаш келинди бычактап өлтүрүп кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБси билдирди.

Маалыматка караганда, Ленин районундагы үйлөрдүн биринен 25-30 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Күбөлөрдүн айтымында, аялга он жолу бычак сайылган.

Учурда адам өлтүрүү беренеси менен иш козголуп, тергөө башталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!