​Окуучу кызга күч колдонгон жаран кармалды

16-Фев. 2018, Жума, 13:37

Бишкекте бир адам мектептен окуучу кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 9-февралда “Тунгуч” кичи районунда жайгашан мектептен билдирүү түшүп, анда белгисиз жаран мектепке кирип жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылганы айтылган. Ал мас абалында мектептин имаратына кирип, дааратканада кызды зордуктоого аракет кылган.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган жаранды кармашкан. Учурда ага карата кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен ал СИЗОго эки айга камалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!