17-февраль: аймактарда кар жаайт

16-Фев. 2018, Жума, 14:07

17-февралда Кыргызстандын бир катар аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -11…-12 градус суук болсо, күндүз абанын температурасы 0…-5 градуска чейин төмөн болот.

Нарында дем алыш күндөрү түндө -20…-22 градус суук болсо, күндүз -10 градуска чейин суук болот.


Чүй менен Таласта түндө -12 градуска чейин суук болуп, күндүз -7 градуска чейин төмөндөйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө -9 градуска чейин суук болуп, күндүз күндүн табы 3 градуска чейин жылыйт.

17-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн -8…-10 градус суук болсо, күндүз -4 градуска чейин муздайт.

Ош шаарында түндө -3…-5 градус суук болсо, күндүз 1 градуска чейин жылыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!