Мыйзамсыз орнотулган объектер текшерилди

17-Фев. 2018, Ишемби, 11:04

Мамэкотехинспекциянын Суу ресурстарын жана объектилерин коргоо башкармалыгы тарабынан, Чүй облусунун мамлекеттик бассейндик суу чарбасына караштуу каналдардын боюндагы коргоо тилкелериндеги мыйзамсыз орнотулган жана курулуп жаткан объектилерди аныктоо боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын Чолпон-Ата жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишиндеги Аламүдүн каналынын боюнда коргоо тилкеси сакталбаган объектилер аныкталды.

Эске сала кетсек, учурда Чыгыш-Чоң-Чүй каналынынын жээктери, Батыш Чүй каналы жана райондор аралык каналдардын жээктериндеги коргоо тилкелерин сакталуусун камсыздоо максатында иштер жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!