​18-февраль: айрым жерлерде кар жаайт

17-Фев. 2018, Ишемби, 14:18

Демалыш күнү Кыргызстандын бир катар аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -11…-12 градус суук болот, күндүз абанын температурасы 0…-5 градуска чейин төмөн болот.

Нарында түнүсүн -20…-22 градус суук болсо, күндүз -10 градуска чейин суук болот.

Чүй менен Таласта түнкүсүн -12 градуска чейин суук болуп, күндүз -7 градуска чейин төмөн болшу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө -9 градуска чейин суук болуп, күндүз 3 градуска чейин жылыйт.

18-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн -9…-11 градус суук болуп, күндүз -5 градуска чейин суук болот. Ош шаарында аба ырайы өзгөрбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!