Көп кабаттуу үйлөрдүн көбүнүн кызыл китеби жок

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 15:14

Ош шаарында 600дөн ашык көп кабаттуу үй болсо, анын 30 пайызынын гана үй жанындагы жер тилкелери аныкталып, кызыл китептери бар. Бул тууралуу “Интербилим” уюмунун өкүлдөрү билдирди.

Алардын айтымында, түзүлгөн жагдай үйлөрдүн арасына чоң имараттан тарта майда дүкөн сыяктуу объектилердин мыйзамсыз курулушун шарттап жатат. Эми бул көйгөйлө акырындап чечиле баштады.

“Интербилим” уюмунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Гүлгакы Мамасалиеванын айтымында, көп кабаттуу үйлөргө тиешелүү жер аянттарына канча объект мыйзамсыз салынып калганы боюнча азыр так изилдөөлөр жок. Бирок аларга шаардыктардан көп кайрылуулар түшөт.

“Алсак, Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү 164-үй менен Партсъезддеги 124-жатакана азыр балдар аянтчасыз калды. Алар бизге 5-6 жылдан бери кайрылышат. Жеке ишкер эки көп кабаттуу үй салып, булардын балдар аянтчасын ороп алган. Алардын короосуна чип менен гана кире аласың. Жатаканадагылар өздөрүнө тиешелүү жерди документтештирбеген үчүн куруучулар тиешелүү органдар менен чогуу жерди “ээси жок” катары аныктап туруп, ушундай мыйзамсыз ишке барган”, - дейт Мамасалиева.

“Интербилим” “Сорос-Кыргызстан” фондунун жардамында быйыл 40 көп кабаттуу үйдүн жер аянттарын аныктап, кызыл китебин бүткөрүүгө киришти. Бул үчүн үй башчылары үчүн тургундарды документ иштерине кызыктар кылуу, укуктук сабаттуулук боюнча окуулар өткөрүлдү. Эми көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары юристтердин коштоосу менен өздөрүнө тиешелүү жер аянттарына кылып китеп алышат. Көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын аныктоо боюнча өкмөт 2003-жылы токтом чыгарган. Ага ылайык, шаарларда ар бир батирге көп кабаттуу үйдүн сыртынан 50-80 чарчы метр жер каралчу. Жер тартыштыгынан 2011-жылкы акыркы токтомдо бир батирге сырттан 30 гана чарчы метр жер каралууда (бул орточо көрсөткүч, үйдүн айыл же шаарда жайгашканы, канча батир бар экенине карап аянт өзгөрөт). Белгиленген жерге балдар аянтчасы, кир жайчу жер курулат, бак-дарак эгилет. Бирок тилке унаа коюу үчүн каралган эмес.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!