Майрамга карата жумуш бир саатка кыскартылат

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:10

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 113-беренесине ылайык 23-февраль - Ата-Журтту коргоонун күнү жана жумуш эмес майрам күнү болуп саналат.

Ошондой эле, КРнын Эмгек Кодексинин 96 беренесине ылайык жумуш эмес майрам күнүнүн алдындагы иш (кезмет) узактыгы 1 саатка азайтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!