​Кар көчкү жолдуу бууп калды

20-Фев. 2018, Шейшемби, 12:34

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-102-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу токтоду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кар көчкүнүн кесепетинен жоготуулар болгон жок адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Учурда кар көчкү түшкөн жерде №26 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 3 жүктөгүч жана 5 кызматкер тартылып, жол бир тараптуу ачылып, кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!