​Ири суммада акча уурдаган топ колго түштү

20-Фев. 2018, Шейшемби, 15:38

Чүйдө турак үйлөрдүн биринен ири суммадагы акча уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Чүй ОИИББи билдирди.

Маалыматка караганда, 7-февраль күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Көк-Жар айылындагы үйлөрдүн биринде уурулук фактысы катталганы айтылган. Жер төлө аркылуу кирген кылмышкерлер 3-кабатка чыгып, сейфти талкалап, 122 миң доллар жана 450 миң сом уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурулук боюнча кылмыш иш козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 19-февраль күнү аталган кылмышка шектүү деп Бишкек шаарынын 1998-жылы туулган тургуну кармалды. Кийинчерээк кылмышка шектүү катары уурулукка чогуу барган жарандар колго түшүрүлдү.

Кылмышка шектүүлөрдүн экөө Кара-Балтанын тургундары болгон. Алардын үйүн тинтүү учурунда 40 миң сом жана 20 миң доллар табылды.Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандардын мындан башка да уурулук иштерине тиешеси бар экени такталды. Учурда уурулукка шектелгендер Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери улантылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!