​22-февраль: жаан жаашы мүмкүн

21-Фев. 2018, Шаршемби, 14:48

22-февралда Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Нарын жергесинде түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10,

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11

22-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн бираз жаан жаашы мүмкүн, күндүз күн ачык. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын түнкү температурасы -1…-3, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!