​Сот реформасы тууралуу тренингдер болду

21-Фев. 2018, Шаршемби, 17:28

2018-жылдын 17-февралында Бишкекте Сорос–Кыргызстан фонду тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформасынын алкагындагы жаңы кодекстеринин жана мыйзамдарынын презентациясы” аттуу маалыматтык семинары болуп өттү. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка караганда, Ачык лекция форматында өткөн иш-чарага жүзгө жакын КРнын Адвокатурасынын, Акыйкатчы институтунун, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

“Бул семинардын максаты - сот реформасын жылдыруу жана анын туруктуулугун камсыз кылуу. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү гумандаштырууга багытталган сот реформасынын философиясын жана концепциясын түшүнүүсү үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан фонд башка уюмдар жана донорлор менен биргеликте мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн окутуу үчүн соттор, прокурорлор, ИИМдин кызмакерлери жана башкаларга бир катар тренингдерди өткөрдү. Сот реформасын туура ишке ашыруу үчүн, анын маанисин түшүнүү зарыл”, - дейт Фондун Укуктук программасынын координатору Тахмина Ашуралиева.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!