Батир саткан шылуундар колго түштү

24-Фев. 2018, Ишемби, 14:37

8 батирге жасалма документ жасап сатып жиберген шылуундардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек жана Токмок шаарынын тургундары алардын үйүнө белгисиз жарандар жалган документ жасап сатып жибергендиги туралуу ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышкан.

Иликтөө иштеринин натыйжасында бул иштерге тиешеси бар делген Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну, Нарын облусунун 43 жаштагы тургуну жана Чүй облусунун 25 жаштагы тургуну колго түшкөн.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында, бул кылмыштуу топ бирөөлөрдүн батирин узак мөөнөткө ижарага алып, ошол учурда ал үйгө жасалма документ жасатып, андан ары сатып жиберип турушкан. Алар үйдүн техникалык паспортун жана алып-сатуу келишимдерин Мамлекеттик каттоо кызматынан алган маалыматтардын негизинде жеке нотариустарда, ломбарддарда жана башка жайларда жасашкан.

Кармалган жарандар Бишкек шаарынан 3 батирди жана Токмоктон 5 батирди сатып жиберишкен. Андан кыймылсыз мүлк ээлерине жана үй сатып алгандарга жалпы 26 млн. сомдой зыян келтирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!