​ӨКМ: шашылыш билдирүү кар көчкү түшөт!

​ӨКМ: шашылыш билдирүү кар көчкү түшөт!
24-Фев. 2018, Ишемби, 15:48

24-февралдан 26-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка, Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашуулары менен Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка - Ак-Таш жолунун 1-4- чакырымдарында, Казарман - Актал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүү кооптуулугу жогору.

Мындан сырткары Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунун 45-90чу, 145-150-чакырымдарында жана Каракол - Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда дагы көчкү түшүшү мүмкүн.

Кар көчкө коркунучуна байланыштуу ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!