​Экстремисттик уюмду жактоочулар кармалды (фото)

1-Март 2018, Бейшемби, 13:44

Диний-экстремисттик уюмдардын колдоочусу болгон эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жашаган жана экстремисттик аракеттерге тиешеси бар адамдарды табуу боюнча контртеррористтик иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын алкагында кармалган адамдар экстремисттик идеологияны жаюу жана жүзөгө ашыруу максатында өз өлкөсүнөн кылмыш жоопкерчилигинен качып Кыргызстандын аймагына келишкени аныкталды.

Алар белгиленген тартипте өнөктөштөрдүн компетенттүү органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!