Тенгиз Сыдыков үй камагына бошотулду

2-Март 2018, Жума, 13:28

Курал аткезчилигине шектелип кармалган кыргызстандык үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Буга чейин АКШ сотунун чечимине ылайык, кыргызстандык Тенгиз Сыдыков тергөө бүткүчө бошотулганы кабарланган. Аны менен кошо кармалган Казакстандын жараны Элдар Резванов камакта калды. Анын маселеси боюнча соттук угуу 7-мартта уланат.

Эскерте кетсек, АКШда жашаган Кыргызстандын жарандары 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резванов ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатуу, аткезчилик боюнча айыпталып жатат. Алар чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташуу фактысы боюнча шектелип 1-мартта кармалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!