​Кесиптешин балкалап өлтүргөн

2-Март 2018, Жума, 16:28

Кара-Суу райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан мурдагы кесиптешин балкалап өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 1964-жылы туулган тургуну белгисиз адамдар тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Маркумдун жансыз денеси 25-февраль күнү болжол менен саат 16:30 чамасында үйүнүн бөлмөсүндө табылган. Үйдүн жанынан далил буюм катары кандын тактары бар балка чыккан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында ИИБ кызматкерлери ыкчам иликтөө иш чараларды жүргүзүшкөн. Алынган маалыматка ылайык, маркум менен Россияда бирге иштеп жүргөн Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган тургуну изин жашырып жүргөн жеринен, кылмышка шектүү катары кармалган.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө достору менен 25-февралга караган түнү маркумдун үйүнө киришип, уктап жаткан жабырлануучуну 3-4 жолу балка менен уруп, папкада сакталып турган документтерди жана акчаны алып үйдөн чыккан соң, издерин жашырып качып кетишкендигин айткан. Жанындагылар да Ош шаарынан колго түшүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!