​Унаа кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды (фото)

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:17

Бишкек-Ош унаа жолунун 171-чакырымында жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаадар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 4-мартта болжол менен саат 14:40 чамасында катталган. Жеңил унаанын ичинде 4 адам болгон. Кырсыктын натыйжасында алардын бардыгы төртөө тең көз жумган.

Оор жүк ташуучу унаадагы 2 адамдын абалдары жакшы.

Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары каза болгон адамдардын денелерин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!