​Унаа айдап бара жатканда жүрөгү кармады

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:24

Газ ташыган унаанын айдоочусу унаа айдап бара жатканда анын жүрөк оорусу кармаган. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 3-мартта Бишкек-Ош жолунун 618-чакырымында болгон. Анда газ ташыган унаанын айдоочусу, 1961-жылы туулган жарандын жүрөк оорусу кармап калып каза болуп калган. Мындан улам унаа башкаруудан чыгып, жолдогу бакты сүзүп токтогон.

Аталган унаада маркумдун бир тууган иниси да болгон. Ал кырсыктан жабыркаган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!