​Келинге жездеси бычак сайды

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 14:09

Ош шаарынын борбордук базарынын жанынан манты саткан жаш келинди бычактап кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, 4-март күнү болжол менен саат 12:30дар чамасында 1989-жылы туулаган аялга белгисиз бирөө артынан бычак сайып качып кеткен.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин жыйынтыгында кылмышка шектүү адам окуядан кийин 10 минутадан кийин кармалган. Ош ШИИбинин кызматкерлери тарбынан жабырлануучунун жездеси 1963-жылы туулган жаран колго түшкөн.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!