​Ош базарында кайрадан өрт чыкты

6-Март 2018, Шейшемби, 10:57

Ош базарынын Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бөлүгүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өрт 5-мартта болжол менен саат 21:07 чамасында чыккан. Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянт күйгөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Өрт саат 22:13тө өрт чектөөгө алынып, саат 00:40та толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 4 бөлүм, ӨКМнин унаасы менен ыкчам тобу 4 адам, 100 милиция кызматкери, медициналык тез жардам кызматынан 3 унаа жана Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан 2 суу ташуучу унаасы тартылган.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!