​Жол эрежесин бузгандарга 500 сом айып

6-Март 2018, Шейшемби, 16:51

Жолдо жүрүү эрежесин бузган жарандарга 500 сом өлчөмүндө айып салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган башкармалык жөө адамдардын жол эрежелерин бузуусу боюнча рейд өткөрүүдө. Рейддин жүрүшүндө унаа жүргөн жолдун атайын белгиленген жеринен эмес, туш келди кесип өткөн жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган жөө жүргүнчүлөргө айып салынат.

Тактап айтканда, административдик жоопкерчиликтин жөө жол кыймылынын эрежелерин бузу беренеси боюнча 500 сомдон айып пул салынат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!