​7-март: айрым аймактарда жаан жаайт

6-Март 2018, Шейшемби, 17:30

Кыргызстанда 7-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, 3…8;

Суусамырда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10;

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;

Баткенде түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз 0…-5.

Бишкекте 7-мартта жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 6…8 градус жылуу болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!