12-март: айрым жерлерде жаан жаайт

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 10:07

Бүгүн 12-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл жана Нарын облустарында кээ бир райондорунда да жаан-чачын болот. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абаны температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7 градус болот.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 5...10,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10,

Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 6...11,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3...8, күндүз 6...11,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында 12-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7, күндүзгү жогорку температурасы -1…6 жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!