​Жаш кыз 8-кабаттан боюн таштады

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 14:46

Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну 8-кабаттан секирип кетти. Бул тууралуу шаардык ИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, 11-март күнү эртең менен белгисиз жаран көп кабаттуу үйдөн секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кыз алган жаратынан улам, кырсык катталган жерден жан берген. Жакындарынын айтымында, ал көп убакыт депрессияда жүргөн. Маркум буга чейин дагы жанын кыюуга аракет кылган.

Учурда өлүмүнүн себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!