​Жардыруу уюштурууну көздөгөн жаран кармалды

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:58

Кыргызстандын аймагында жардырууну уюштурууну көздөгөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнүн аймагына террордук акцияларды даярдоо максатында кирүү каналдарына бөгөт коюу боюнча өткөрүлүп жаткан террорчулукка каршы иш-чаралардын алкагында, эл аралык уюмдардын лагеринде атайын даярдыктан өткөн Кыргызстандык жаран колго түшүрүлгөн. Кармалган жаран эл аралык террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы боюнча колго жасалган жардыруу заттарды пайдалануу менен жардырууну максат кылганы аныкталган.

Кармалган жаранга террордук актыны даярдоо, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерине катышуусу жана экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, жайылтуу, сактоо, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!